Орунтаев – куруучуларга: Токтотуулар ар бир объектте чындыкта болушу керек, кагазда эмес

Бишкек шаарында көп кабаттуу турак жайлар үчүн авто токтоочу жайларды камсыздоо маселеси боюнча курулуш компаниялары жана долбоордук уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты.

Министр жыйынды ачып жатып, борбордогу турак жай комплекстеринде авто токтоочу жайлардын жетишсиздиги шаардагы транспорттук инфраструктурага терс таасир этерин белгиледи. Ошондуктан, ар бир курулуш объектиси боюнча өзүнчө иш жүргүзүлөт жана авто токтоочу жайларды камсыздоо боюнча шаар куруу нормаларынын талаптары катуу көзөмөлгө алынат. “Авто токтоочу жайлар документте гана эмес, чындыгында да болушу керек. Нормативдик талаптарды аткарууда формалдуу мамиле болбошу керек”, – деди Нурдан Орунтаев.

Мурда түзүлгөн жумушчу комиссия акыркы бир ай ичинде 2025-жылдан бери макулдашылган долбоордук документацияны талдады. Текшерүүнүн жыйынтыгында, долбоорлордо эки деңгээлдүү жана ротордук авто токтоочу системалар каралгандыгы, бирок алардын чындыгында жайгаштырылышы жана ишке ашырылышы камсыздалбагандыгы аныкталды.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча 28 курулуш объектиси боюнча долбоордук чечимдер кайра каралды жана мурда берилген макулдашуулар жокко чыгарылды. Курулуш нормаларына ылайык, бул объектилер үчүн 3 519 авто токтоочу жай каралышы керек болчу, бирок сунушталган долбоордук документацияда болгону 2 532 авто токтоочу жай камсыздалган.

Мындан тышкары, учурдагы нормативдик укуктук актылар эки деңгээлдүү жана ротордук авто токтоочу механизмдерге минималдуу техникалык талаптарды толук камтыбайт. Эксплуатациялык коопсуздук, конструкциянын туруктуулугу, жогорулаган механизмдердин ишенимдүүлүгү, авариялык коргоо системаларынын болушу жана заманбап транспорт каражаттарынын өлчөмдөрүнө ылайык келүү маселелери жетиштүү деңгээлде жөнгө салынган эмес.

Ошондуктан, авто токтоочу жайларды камсыздоо маселелери Курулуш министрлиги тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынды. Шаар куруу талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүү иши улантылат.

Жыйын ачык диалог форматында өттү. Курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө аныкталган кемчиликтерди жоюу жана архитектуралык-курулуш ишмердүүлүгү боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди. Эгерде авто токтоочу жайларды камсыздоо боюнча талаптар бузулса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген