Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош облусунун Кара-Суу шаарында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда элдин кайрылуулары жана актуалдуу маселелер талкууланды.
Президенттин өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жолугушууда айыл чарба жана башка максаттар үчүн берилген 450 мамлекеттик акттын мыйзамдуулугун текшерүү маселеси көтөрүлдү. Ошондой эле, «Туратали» базарындагы соода жайлары боюнча талаш-тартыштар жана турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү маселелери да каралды. Жарандардын жерге мамлекеттик акт алуу боюнча кайрылуулары да өзүнчө талкууланды.
Жолугушууга катышкандар жеке жана социалдык маселелерди да көтөрүштү. Кайрылуулар көп болгондуктан, укук коргоо органдары жарандарды жеке кабыл алып, ар бир кайрылууну өзүнчө карап жатышкандыгы белгиленди.
Кара-Суу шаарын өнүктүрүү маселелерине да көңүл бурулду. Аманкан Кенжебаевдин айтымында, шаарды өнүктүрүү максатында 47 гектар жерге жаңы шаар куруу пландалууда. Бул инфраструктураны жакшыртууга жана тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жарандардын бардык кайрылуулары кылдат каралаарын жана ар бир маселе боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн белгиледи.