Энергетикадагы ири долбоорлор: ГЭС жана кайра жаралуучу энергия булактары

Энергетика – бул өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн жана калктын жашоо сапатынын негизги негиздеринин бири. Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү шартында, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды киргизүүгө, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана жаңылануучу энергия булактарын (ЖЭБ) өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер ички муктаждыктарды камсыз кылууга, энергетикалык коопсуздукту бекемдөөгө жана өлкөнүн көз карандысыздыгын арттырууга жардам берет.

Кыргызстандын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2023-жылы энергетика тармагында өзгөчө кырдаал жарыяланган соң, тармакты өнүктүрүү жана электр энергиясынын жетишсиздигин жоюу боюнча бир катар ири реформалар ишке ашырылууда. Бул реформалардын алкагында төмөнкү негизги багыттар боюнча иштер жүргүзүлүүдө:

– Энергетика секторунда жаңы тарифтик саясатты ишке ашыруу.
– Энергетикалык компаниялардын карыз жүгүн азайтуу жана финансылык туруктуулугун калыбына келтирүү.
– Жылуулук камсыздоо объектилерин муниципалдык башкарууга өткөрүү.
– Иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоо жана жаңы гидроэнергетикалык объектилерди куруу.
– Жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу.
– Тармакта структуралык реформаларды жүргүзүү жана санариптик технологияларды киргизүү.
– Көмүр өнөр жайын өнүктүрүү жана секторду реформалоо.
– Энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана экспорттук потенциалды жогорулатуу.

Камбаратинская ГЭС-1дин курулушуна өзгөчө көңүл бурулууда, бул энергетика тармагындагы эң ири жана стратегиялык долбоор болуп саналат. Анын ишке ашырылышы Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана регионалдык энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң мааниге ээ. Учурда Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишим долбоору макулдашуу стадиясында.

Ошондой эле, башка гидроэлектростанцияларды куруу жана модернизациялоо боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Камбаратинская ГЭС-2нин 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү, Токтогул ГЭСинин 1440 МВт кубаттуулугун реабилитациялоо, Уч-Курган ГЭСинин 216 МВт кубаттуулугун модернизациялоо жана Казарман ГЭС каскадын 912 МВт кубаттуулукта куруу долбоорлору бар.

Мындан тышкары, Энергетика министрлиги менен «Росатом» компаниясы ортосундагы кызматташтык келишиминин негизинде 2026-жылдын аягына чейин 25 МВт кубаттуулуктагы жел электр станциясын пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле, электр станцияларын куруу боюнча 11 долбоор, жел электр станцияларын куруу боюнча 2 долбоор жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча 3 долбоор боюнча инвестициялык келишимдер түзүлгөн. Бул долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 6141 МВт, ал эми жалпы инвестициялык көлөмү болжол менен 4,7 миллиард долларды түзөт.

Инвестициялык келишимдерди ишке ашыруу алкагында 2245 МВт/ч жалпы кубаттуулуктагы электр энергиясын сактоо системаларын орнотуу пландалууда. Бул чаралар энергетикалык системанын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, жаңылануучу энергия булактарын натыйжалуу интеграциялоого жана электр энергиясын өндүрүүдө күндөлүк жана сезондук өзгөрүүлөрдү тең салмактоого жардам берет.

Энергетика тармагын өнүктүрүү пландарынын алкагында 2030-жылга чейин 420,8 МВт жалпы кубаттуулуктагы 48 чакан гидроэлектростанцияны пайдаланууга берүү пландалууда. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган долбоорлордун алкагында өлкөдө биринчи жолу Кемин шаарында 100 МВт кубаттуулуктагы күн станциясы пайдаланууга берилди. Күн панелдери мамлекеттик мекемелердин чатырларына жана ГЭС-5тин суу сактагычына орнотулган. Ошондой эле, «Нур-Кубат» социалдык долбоорунун алкагында 10 үйгө 10 кВт кубаттуулуктагы күн панелдери орнотулду. Натыйжада, 2025-жылы жалпы 102 990 кВт/ч электр энергиясы өндүрүлүп, 10 аз камсыз болгон үй-бүлөгө кошумча киреше алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул үчүн «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» акча каражаттарын 280 627 сом өлчөмүндө төлөдү.

Ветроэнергетика тармагында да алгачкы кадамдар жасалууда: Кыргызстандагы биринчи жел электр станциясы Иссык-Куль облусунун Балыкчы шаарында курулуп, улуттук энергетикалык системага электр энергиясын берүүдө. Бул долбоор өлкөнүн жел ресурстарын пайдаланууда маанилүү тажрыйба болуп, келечекте ушул багытта жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга негиз түзөт.

Ошондой эле, жакынкы айларда энергетикалык система менен туташчу объекттердин пайдаланууга берилүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй:

– «РЭЦА» күн электр станциясы (1-фаза): 150 МВт кубаттуулуктагы бул ири станциянын биринчи кезеги июнь айынын ортосунда аяктайт.
– Орто-Токой ГЭСи: 21 МВт кубаттуулуктагы станциянын курулушу акыркы этабына чыкты. Объектти пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерин июль айына чейин толугу менен аяктоо пландалууда.
– «Бишкек Солар» күн электр станциясы (1-этабы): 100 МВт кубаттуулуктагы бул долбоордун биринчи этабы августта пайдаланууга берилет.

Бул долбоорлор өлкөдөгү электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууга, генерация булактарын көбөйтүүгө жана энергетикалык системанын туруктуулугун бекемдөөгө жардам берет. Ошондой эле, гидроэнергетикага болгон көз карандылыкты азайтып, калкты жана ишканаларды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. Күн жана жел энергетикасын өнүктүрүү экологиялык таза энергиянын үлүшүн жогорулатат, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген