Дастан Бекешев: 95% балдар кариес менен жабыркайт, анткени бала бакчаларда кант көп

Кыргызстанда балдардын 95%ы кариес менен жабыркаган. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Ал бул көрсөткүчтү өтө оор деп атап, билим берүү мекемелеринде балдардын тамактануу режимин кайра карап чыгууга чакырды.

Депутаттын айтымында, бул статистика министрликтин маалыматы боюнча алынган. Негизги себептердин бири – туура эмес тамактануу. Балдардын тамактануу адаттары көбүнчө бала бакчаларда жана мектептерде калыптанат. “Биздин балдар эмне жеп жатышат? 95% деген цифраны кайрадан ойлонуп көрүңүздөр. Бала бакчаларда балдар ар жерде кант жешет. Кант компотко, кефирге, боткаларга, нанга кошулат, кээде даже сорпого да кошушат. Кант ар жерде”, – деди депутат.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн билим берүү мекемелеринде тамактануу системасын жакшыртуу, балдардын ден соолугун коргоо жана туура тамактануу адаттарын калыптандыруу зарыл. Балдардын ден соолугун сактоо үчүн ата-энелер, мугалимдер жана коомчулук биргеликте аракет кылышы керек.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген