Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек шаарында билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында, Республикабыздын методикалык борборундагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты.
Министр, борбордун жаңыланган долбоорун көрүп, оңдоп-түзөө иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Реконструкциядан кийин борбордо шахмат, тогуз коргоол, үстөл оюндары жана башка спорт түрлөрү үчүн атайын залдар ачылат. Бул жайлар жаштардын интеллектуалдык жана спорттук жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө арналат.
Догдуркул Кендирбаева, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерүү үчүн бир айдан кийин кайрадан борборго барууну пландап жатканын айтты. Ошондой эле, ал президенттин демилгеси менен жаңы окуу жылынан баштап 500 мектепте шахмат боюнча акысыз кружоктор ачыла турганын маалымдады. Мамлекет билим берүү мекемелерин керектүү жабдуулар жана методикалык материалдар менен камсыздайт.
Министрдин айтымында, учурда окуу программалары иштелип чыгып, мугалимдер даярдалууда. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, шахмат кружоктору республиканын башка мектептеринде да ачылат.
Догдуркул Кендирбаева бүгүнкү күндө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бир күн өткөрүп, министрликтин иш күнүнүн жүрүшүн көрсөтүүдө.