Бишкекте «Кыргыз романстары жана поэзиясы» чыгармачылык кечеси өтөт

Кыргызстандын улуттук академиялык опера жана балет театры 12-июнда, саат 19:00дө, «Кыргыз романстары жана поэзиясынын антологиясы» аттуу музыкалык-поэтикалык кечени өткөрөт. Бул иш-чара Малахит залында өтүп, белгилүү композитор, эл артисти Сатылган Осмонов менен эл акыны Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына арналат.

Концертте операнын алдыңкы солисттери Сатылган Осмоновдун романс жана ырларын аткарышат. Иш-чаранын концертмейстери жана идеянын автору — Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Набира Джаксалиева.

Сатылган Осмонов жана Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгы Кыргызстандагы музыкалык-поэтикалык мурастын өзгөчө бөлүгүн түзөт. Сатылган Осмонов 40тан ашык романс жана 100дөн көп ыр менен хор чыгармаларын жараткан. Анын кыргыз акындарынын ырларына жазылган вокалдык циклдары, айрыкча Асан Жакшылыковдун сөздөрүнө жазылган романсар, анын лирикалык чыгармачылыгынын чокусун түзөт.

Бул чыгармаларда музыка поэтикалык ойду улантып, сүйүү, эскерүү, күтүү жана адамзаттын назиктигин чагылдырат. Сатылган Осмонов менен Асан Жакшылыковдун романсары — бул жөн гана камералык вокалдык чыгармалар эмес, кыргыз тоолорунун деми, адамдын сагынычы жана сүйүүнүн тынч кубанычы менен коштолгон музыкалык поэзия.

Иш-чарага катышуу менен кыргыз маданиятынын бул уникалдуу мурасын таанып, анын тереңдигине күбө болууга мүмкүнчүлүк аласыз.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген