Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткен шаарында жаңы прокуратура имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүндө билдиришти. Эки кабаттан турган административдик имаратта кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имараттын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Адылбек Касымалиев, президенттин администрациясынын жетекчиси Максат Асаналиев, Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, облустук прокурор Абай Молдокматов жана прокуратура кызматкерлери катышты.
Жаңы имарат прокуратуранын ишин жакшыртууга, кызматкерлердин шарттарын оңдоого жана коомчулукка кызмат көрсөтүүнү жогорулатууга багытталган. Баткен облусундагы укук коргоо органдарынын иши үчүн бул маанилүү кадам болуп саналат.