Баткенде айыл чарба өсүмдүктөрүн фитосанитардык көзөмөлдөө жүргүзүлүүдө

Баткен облусунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги зыянкечтерин эрте аныктоо жана фитосанитардык абалды баалоо максатында феромондук капкындарды орнотуу жана мониторинг жүргүзүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мониторинг иштерин Баткен облустук башкармалыгынын адистери борбордук аппараттын химиялаштыруу, коргоо жана карантин бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө. Феромондук капкындар мөмө-жемиш, жашылча, талаа жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн негизги зыянкечтерин аныктоо үчүн колдонулат. Алардын жардамы менен зыянкечтердин активдүүлүк мезгилдерин так аныктап, алардын жайылышына байланыштуу тобокелдиктерди баалап, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча фитосанитардык абал анализделип, зыянкечтердин өнүгүшүнө көзөмөл жүргүзүлөт жана коргоо иш-чараларын өткөрүү боюнча сунуштар даярдалат. Бул иштердин негизги максаттары – зыянкечтердин массалык жайылышын алдын алуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн сактоо жана жогорулатуу, ошондой эле региондун фитосанитардык коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Бул багыттагы иштер дайыма көзөмөлдө болуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү менен тыгыз кызматташтыкта улантылат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген