Алмамбет Шыкмаматов профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болду

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын ардактуу президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу салык кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. Ардактуу президенттин медалын лиганын президенти Шайлообек Атазов тапшырды.

Алмамбет Шыкмаматовго бул статус мамлекеттик курулушка, укуктук системанын өнүгүшүнө, мамлекеттик бийлик институттарын бекемдөөгө, коомдук-саясий ишмердүүлүккө активдүү катышуусуна жана спортту, жаштарды, патриоттук тарбияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоосуна байланыштуу берилди.

Бул дайындоо Кыргызстандын профессионалдык бокс лигасынын коллегиясынын жыйынында 12-майда кабыл алынган. Бокс – өлкөдө популярдуу спорттун бири, ал жаштардын дене тарбиясын жана патриоттук сезимин өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Алмамбет Шыкмаматовдун бул кызматка дайындалышы, спортту колдоо жана өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген