Ошто жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош шаарында 148 орунга ылайыкташкан жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Мектептин ачылышына Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Бекмырза Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.

Мэр Жанарбек Акаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө шаардык бийлик балдар үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча бардык аракеттерди жасап жатканын белгиледи. Ал ошондой эле, жакын арада окуучулардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн атайын мектеп автобустары ишке киргизилерин айтты.

Жаңы мектеп Ош шаарында курулуп жаткан 17 билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Негизги жалпы билим берүү мектеби №49 “Жибек-Жолу” муниципалдык аймагында жайгашкан. Жаңы кошумча корпус менен мектеп 630 окуучуга ылайыкташтырылган. Окуу кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде жүргүзүлөт.

Мындай билим берүү мекемелеринин курулушу шаардагы билим берүү системасын жакшыртууга, балдардын билим алуусун жеңилдетүүгө жана алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү – бул шаардык бийликтин негизги приоритеттеринин бири.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген