Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын каржы министри Руслан Суйналиев баалуу металлдар департаментине барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары менен таанышып чыкты. Департамент 1991-жылы негизделген жана өлкөдөгү баалуу металлдар менен баалуу таштардын тармагын жөнгө салган негизги мамлекеттик орган болуп саналат.
Министрдин визити учурунда департаменттин директору Алмаз Кадыракунов мекеменин иши жана тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Департаменттин ишин модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Соңку жылдары санариптик трансформация боюнча чаралар ишке ашырылып, ведомстволор аралык маалымат алмашуу уюштурулду, башкаруу процессинин натыйжалуулугу жогорулатылды.
Ошондой эле, мамлекеттик баалуу металлдар жана баалуу таштар фонду тууралуу маалымат берилди. Фонд туруктуу түрдө толукталып, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө салым кошууда. Визит учурунда министр «Зергер өрөөнү» көргөзмөсү, баалуу таштарды кесүү жана иштетүү цехи, ошондой эле фонддун уникалдуу экспонаттары менен таанышып чыкты.
Жолугушууда зергерчилик тармагын өнүктүрүү, жаш адистерди даярдоо жана тармактар аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Визиттин жыйынтыгы боюнча Руслан Суйналиев департаменттин ишин оң баалап, мамлекеттик фондду толуктоону, санариптештирүүнү күчөтүүнү жана инвестициялык потенциалды кеңейтүүнү улантууну тапшырды. Ал мамлекеттик финансылык системаны чыңдоо баалуу металлдар тармагын өнүктүрүүгө, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууга жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун жогорулатууга жардам берерин белгиледи.