Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда «Nomad Express: Музыка, маданият, мода жана салттар аркылуу саякат» аттуу маданий долбоор өтүп жатат. Бул долбоор Бишкек — Балыкчы — Бишкек маршруту боюнча ишке ашырылууда. Анын алкагында маданият, искусство, мода индустриясы жана медиа өкүлдөрү чогулуп, улуттук маданиятты жайылтуу, чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргызстандагы маданий-туристтик потенциалды илгерилетүү максатында иш алып барышат.
Nomad Express поезди маданий аянтчага айланып, катышуучулар үчүн концерттик программалар, улуттук искусство чеберлеринин чыгыштары жана кыргыз дизайнерлеринин эмгектерин көрсөтүү уюштурулган. Долбоордун алкагында VI Дүйнөлүк кочевниктер оюндарына даярдык боюнча презентациялар өткөрүлүп, катышуучулар Балыкчы шаарындагы жаңыланган инфраструктура менен таанышышат.
Долбоорду ишке ашырууда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы да жардам берип, Бишкек — Балыкчы — Бишкек маршруту боюнча маданий саякат үчүн темир жол составын камсыз кылып, катышуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө. Бул долбоор маданий алмашууну күчөтүүгө, чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстандагы бай маданий мурастын кеңири жайылтууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.