Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери 27-30-май күндөрү Кытайдын Шаньдун провинциясына иш сапар менен барышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Сапардын алкагында Цзинань шаарындагы муниципалдык долбоорлоо жана конструктордук институтунун жетекчилиги жана адистери, ошондой эле Jinan Urban Construction Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Иш сапардын негизги максаты инженердик изилдөөлөр, долбоорлоо, курулуш жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болду.
Кыргыз делегациясы ошондой эле атайын техникаларды өндүрүүчү ишканалардын өндүрүш кубаттуулугу менен таанышып, Цзинань шаарындагы шаардык инфраструктура объектилерин көрдү. Бул жерде шаардык чөйрөнү өнүктүрүү, инженердик инфраструктураны куруу жана курулуш долбоорлорун башкаруу боюнча заманбап ыкмаларды көрсөтүштү.
Иш сапардын жыйынтыгы боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана эки өлкөнүн адистери арасында кесиптик алмашууну кеңейтүү боюнча макулдашууларга жетишилди.