«Бала Ырысы» программасы балдардын ден соолугуна жана бакубаттыгына биринчи жылдарынан тарта багытталган – Ажымамбетова

Бишкекте өткөн маалымат жыйынында «Бала Ырысы» программасы мамлекеттин балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоого багытталган негизги долбоорлордун бири экендиги белгиленди. Бул тууралуу медициналык жардам жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гулназ Ажымамбетова билдирди.

Анын айтымында, программа баланы төрөлгөндөн үч жашка чейин колдоп, эне менен баланын ден соолугун чыңдоого, мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кошумча жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү убагында аныктоого көңүл бурат.

«Баланын биринчи жылы — ден соолукту сактоо жана толук өнүгүү үчүн эң маанилүү мезгил. Бул убакытта баланы үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жүргүзүлөт, ал вакцинация, тамактанууну жана эмизүүнү баалоо, физикалык өнүгүүнү көзөмөлдөө, профилактикалык текшерүүлөр жана зарыл болгон скринингдерди камтыйт», — деди Ажымамбетова.

Ал ошондой эле, программаны ишке ашыруунун алгоритми төрөт үйүнөн башталат деп белгиледи. Төрөт үйүнөн чыккан күнү жаңы төрөлгөн бала тууралуу маалымат үй-бүлөнүн жашаган жери боюнча биринчи медициналык жардам уюмуна өткөрүлөт. Андан кийин, 7 күндүн ичинде медициналык кызматкер үйгө барып, баланы текшерип, ата-энелерге кам көрүү, тамактануу жана өнүгүү боюнча кеңеш берет.

«Бала Ырысы» программасы баланын төрөлгөндөн баштап санариптик жол картасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун интеграциясы үй-бүлөгө жардам көрсөтүүнүн комплексин камсыздап, тобокелдиктерди убагында аныктоого жана зарыл жардамды көрсөтүүгө шарт түзөт. Программанын негизги жыйынтыгы — балдардын ден соолугун, бакубаттуулугун жана толук өнүгүүсүн сактоого багытталган эффективдүү эрте колдоо системасын түзүү», — деп жыйынтыктады ал.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген