Кыргызстанда аралаш жекпе-жек боюнча ACA лигасынын турнири өткөрүлөт

Бишкекте бүгүн мамлекеттик спорт агенттигинин орун басары Болотбек Ашыралиев менен Absolute Championship Akhmat (ACA) уюмунун президенти Магомед Бибулатовдун ортосунда расмий жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда ACA турнирин өткөрүү, аралаш жекеме-жеке күрөш (ММА) тармагын өнүктүрүү, жаш спортчуларды колдоо, эл аралык мелдештерди уюштуруу жана спорттук кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Тараптар спорт чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти. Мындай жолугушуулар эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошору белгиленди.

Спорттун өнүгүшү үчүн мындай иш-чаралардын мааниси чоң. Жаш спортчуларга колдоо көрсөтүү, эл аралык деңгээлде мелдештерди өткөрүү жана спорттун түрлөрүн жайылтуу өлкөнүн спорттук имиджин жогорулатууга жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген