Бишкекте III Маданият форуму «Наристе» фестивалынын алкагында ачылды

Бишкекте III Бишкек форуму “Маданияттар аралык диалог – глобализация доорунда маданияттын өнүгүү факторы” аттуу иш-чара өттү. Бул форум VI Эл аралык балдар фольклор фестивалы “Наристе” алкагында уюштурулган.

Иш-чара Бишкек мэриясынын “Тунгуч” залында өтүп, ага шаар мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Анарбек Ибраев, чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, маданият жана искусство ишмерлери катышты. Мэр форумдун катышуучуларына кайрылып, эл аралык кызматташтыкты жана маданий алмашууну бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бишкек бүгүнкү күндө достук, өз ара түшүнүү жана маданий кызматташтыктын ордосуна айланууда. Заманауи дүйнөдө маданият элдерди бириктирген көпүрө болуп саналат, улуттук идентичносту сактоого жардам берет жана өз ара урматтоо менен тынчтыкка жол ачат”, – деди Айбек Джунушалиев.

“Наристе” фестивалы жаш муунду ар түрдүү элдердин маданий салттары менен тааныштырып, маданий көп түрдүүлүккө урматтоо сезимин өстүрүүгө жана эл аралык достукту бекемдөөгө чоң салым кошот.

Форумдун алкагында Канада, Словения, Корея Республикасы, Греция, Хорватия, Казакстан жана Кыргызстандан келген өкүлдөр презентациялар менен чыгышты. Алар глобализация шартында маданият жана искусствонун өнүгүшүн, маданияттар аралык диалогдун эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө болгон ролун, ошондой эле биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Бул форум тажрыйба алмашуу, маданий саясаттын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү боюнча жаңы көз караштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп калды.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген