Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте бүгүн, 1-июнда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана табигый ресурстар министри Азат Зиганшин баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда экологиялык коопсуздукту камсыздоо, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекеттик катчы кыргыз жана татар элдеринин тарыхый байланышы, жалпы маданий мурасы жана түрк дүйнөсүнө мүнөздүү руханий баалуулуктары тууралуу айтты. Жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө адаптация, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар суу жана орман ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү, “жашыл” технологияларды киргизүү жана экология тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын өкүлдөрүнүн жакынкы күндөрдө өтө турган Иссык-Куль эл аралык форумуна катышуусу эл аралык интеллектуалдык диалогду бекемдөөгө, гуманизм баалуулуктарын илгерилетүүгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүүгө салым кошорун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар экологиялык коопсуздукту камсыздоо, табигый ресурстарды эффективдүү пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.