Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте VI Эл аралык балдар фольклор фестивалы «Наристе» салтанаттуу түрдө ачылды. Бул жылы фестиваль Беларус, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, Румыния, Россия, Өзбекстан жана Кыргызстандан келген балдар чыгармачылык топторун бириктирди.
Фестивалдын алкагында жаш катышуучулар өз элдеринин маданий салттарын, улуттук искусствосун, музыкасын, бийин жана фольклорун көрсөтүшөт. «Наристе» фестивалы ар түрдүү өлкөлөрдүн балдарынын ортосунда достукту бекемдөөгө, маданий диалогду өнүктүрүүгө жана маданий көп түрдүүлүккө урмат көрсөтүүгө арналган платформа болуп саналат. Мындай демилгелер балдар чыгармачылыгы аркылуу өз ара түшүнүшүүгө, кызматташууга жана тынчтык атмосферасын бекемдөөгө жардам берет.
Фестивалда концерттик программалар, мастер-класстар, элдик кол өнөрчүлүктүн көргөзмөлөрү, чыгармачылык жолугушуулар жана маданий-билим берүү иш-чаралары пландалган. Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту балдардын толук өнүгүшүнө, чыгармачылык жөндөмдөрүн ачууга жана Кыргызстандын мыйзамдары менен эл аралык милдеттенмелерине ылайык укуктарын ишке ашырууга багытталган демилгелерди колдойт.
Мындай фестивалдар балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү менен бирге, элдердин маданиятын таанытууга жана достук мамилелерди чыңдоого чоң салым кошот.