Кыргызстандыктарга 30-июндан тарта ruID санариптик системасы расмий иштей баштайт деп эскертилди

30-июндан тартып, Россияга иштөө же окуу максатында барган жарандар үчүн ruID мобилдик тиркемеси аркылуу милдеттүү каттоо киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.

Ал белгилегендей, Россияга барууну пландап жаткан жарандар тиркемеде алдын ала катталып, тиешелүү арызды толтуруп алышы керек. Мурда ruID тиркемеси пилоттук режимде иштеп келген, эми болсо 30-июндан тартып расмий түрдө иштей баштайт. Анын негизги максаты — жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана миграциялык контролду күчөтүү.

Эгер жарандар арызды толтурбаса, өлкөгө кирүүгө мүмкүнчүлүк болот, бирок каттоо, эмгек келишимин түзүү, медициналык камсыздандыруу алуу жана SIM-карта сатып алуу сыяктуу маселелерде кыйынчылыктарга учурашы мүмкүн. Тиркемени колдонуу, тескерисинче, окуу жана ишке орношуу процессин жеңилдетет.

Мындан тышкары, жарандар системанын жардамы менен алдын ала “кара тизмеге” кирип-кирбегенин текшере алышат. Бул кошумча чыгымдардан жана убакытты жоготуудан качууга жардам берет. Арызды 90 күндөн кечиктирбей жана 72 сааттан мурда тапшыруу керек. Өзгөчө кырдаалдарда арызды 4 саат мурда да берүүгө болот.

Москванын аймагында “Амина” тиркемесин колдонуу менен мигранттар үчүн бир катар артыкчылыктарды сунуштаган пилоттук долбоор ишке ашырылган. Эми Россия бул системаны өлкөнүн бардык аймагына жайылтууну пландаштырууда. Байбосов жарандарды сапарга чыкпас мурда элчиликтер жана консулдуктар менен алдын ала кеңешип алууга чакырды, анткени Россиянын миграциялык мыйзамдары дайыма жаңыланып турат.

ruID тиркемеси App Store, Play Market, RuStore жана AppGallery дүкөндөрүнөн жүктөп алууга болот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген