Бишкектин мэри тургундарды «Менин шаарым» тиркемесин активдүү пайдаланууга чакырды

Бишкекте “Менин шаарым” аттуу расмий мобилдик тиркеменин популярдуулугу күндөн-күнгө өсүп жатат. Мэр Айбек Джунушалиевдин айтымында, 2023-жылы бул платформа аркылуу 9 миңден ашык кайрылуу келип түшсө, 2024-жылы бул сан 18 миңге, 2025-жылы болсо 25 миңге жеткен. Быйылкы жылы төрт айдын ичинде шаардыктар 11 миңден ашык арыз жөнөтүштү.

Бул санариптик платформа ар бир муниципалдык ишкана же мэриянын бөлүмүнө келген кайрылууларды реалдуу убакытта көзөмөлдөп, аткарылган иштердин так санын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мэр шаардыктарды тиркемени активдүү пайдаланууга чакырып, анда “Иштердин эсепке алынышы” деген маанилүү бөлүм бар экенин белгиледи. Бул бөлүмдө бардык тапшырмалар көрсөтүлөт. Жашоочулар көйгөйдү белгилүү бир жерден сүрөткө тартып, бизге жөнөтүшөт. Муниципалдык кызматкерлер көйгөйдү чечкенде, аткаруучу иштин жыйынтыгын көрсөтүп, кайрадан сүрөт жөнөтүүгө милдеттүү. Андан кийин шаардыктар өз баасын бере алышат. Мындай жоопкерчилик системасы кайсы уюмдун өз милдеттерин канчалык деңгээлде аткарып жатканын так көрүүгө жардам берет.

Учурда “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси 1,4 миллион жолу жүктөлгөн. Анын ичинен 520 миңдей адам күн сайын тиркемеге кирип турат. Бишкекте учурда расмий түрдө 1 миллион 371 миң адам жашайт.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген