Ош облусунда инфраструктураны жакшыртуу маселеси талкууланды

Ош обласындагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 19-майда Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушууда тараптар регионду өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыктын негизги багыттарын талкуулашты.

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, чек ара аймактарын колдоо, билим берүү, суу ресурстары, жаштар саясаты жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы долбоорлордун ишке ашырылышы боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Аманкан Кенжебаев билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу маселелеринин актуалдуулугун белгилеп, бул багыттарда системалуу чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгын айтты.

Антье Граве болсо Кыргызстандагы БУУнун ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан программалар жана келечектеги пландар тууралуу маалымат берди. Ал уюмдун региондорду өнүктүрүү, социалдык инфраструктураны жакшыртуу жана чек ара аймактарын колдоо боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө болгон кызыгуусун баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген