Бишкекте балдар үчүн жарыш өтөт: бир нече көчөлөр жабылат

Бишкекте 24-майда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта чоң масштабдагы балдар жарышы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады. Жарыштын маршруту Абдымомунов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин, ошондой эле Эркиндик бульвары боюнча Абдымомунов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин созулат. Жарыштын коопсуздугун туристтик милициянын кызматкерлери камсыздайт, ал эми финиште тез жардам кызматы дежур кылат.

24-майда таңкы 07:00дөн 13:00гө чейин Орозбеков көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки участокто автотранспорттун кыймылы убактылуу токтотулат. Ошондой эле Абдрахманов көчөсүндө (Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки участокто) кыймылдын бир бөлүгү чектелет.

Жарышка 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар катыша алат. Ар бир жаш куракка ылайык старттык топтор түзүлөт: 3-5 жаштагылар үчүн 300 метр, 6-8 жаштагылар үчүн 500 метр, 9-11 жаштагылар үчүн 1 километр, 12-14 жаштагылар үчүн 2 километр аралыкта жарыш өткөрүлөт.

Көрүүчүлөр жана коноктор үчүн старттык шаарча уюштурулат, анда тамак-аш жайлары, оюн аянтчалары, сахна, аквагрим жана улуттук кийимдердеги аниматорлор болот. Мындан тышкары, артисттердин чыгышы, конкурстар жана майрамдык программа пландалган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген