Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкекте 18-майда шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Новосибирск облусунун делегациясы менен жолугушту. Делегацияны Новосибирск облустук Жогорку Кеңешинин орун басары Майис Мамедов жетектеп барды.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча көптөгөн маселелерди талкуулашты. Алардын ичинде шаардык инфраструктураны, курулушту, өнөр жайды, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү маселелери бар. Ошондой эле, ишкердикти колдоо жана бизнес активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча да сөз болду.
Иманалиев мэриянын заманбап шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча тажрыйба алмашууга ачык экенин белгиледи. Тараптардын ортосундагы практикалык тажрыйба алмашуу шаарларды эффективдүү өнүктүрүү жана региондор аралык байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү экендиги айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз-орус ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана Бишкек менен Новосибирск облусунун ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди улантуу боюнча кызыгуу билдирилди. Ушул жолугушуу тараптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, биргелешкен социалдык, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга түрткү берет.