Ош шаарындагы ИЗО музейинде Марат Мамыттын эмгектери көрсөтүлөт

Ош шаарындагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм өнөр музейинде 16-майда саат 19:30да сүрөтчү Марат Мамыттын жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги маалымдады.

Көргөзмөдө автордун акыркы жылдары жараткан живопись жана декоративдик эмгектери көрсөтүлөт. Марат Мамыттын чыгармаларында кыргыз табиятынын кооздугу, Ала-Тоо тоолорунун улуулугу, ата-бабалардын тарыхый мурасы жана улуттук музыкалык аспаптар чагылдырылган. Ошондой эле, көргөзмөгө Ала, Чоң-Алай жана Баткен аймактарында «АРТүрдүүлүк» долбоорунун алкагында жаратылган пленэрдик эмгектер да кирет.

Марат Мамыт 1962-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында төрөлгөн. Ал С.А. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр училищесин аяктаган. Сүрөтчү республикандык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу болуп саналат, 2025-жылдан бери Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жана жеке коллекцияларда сакталууда.

Көргөзмөгө келип, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылыгын баалап, улуттук маданиятты колдоого алууга мүмкүнчүлүк түзүңүз.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген