Кыргызстандык спортчулар Грузиядагы эл аралык бокс турнирынын сыйлыктарына ээ болушту

Бишкектик спортчулар Грузияда өткөн эл аралык бокс турнирынын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдады.

3-10-май күндөрү Кутаиси шаарында Акакий Какауридзенин эскерүүсүнө арналган жаштар арасында бокс боюнча эл аралык турнир өткөрүлдү. Соревнованияга ар түрдүү өлкөлөрдөн келген күчтүү жаш боксчулар катышып, өздөрүнүн даярдыгы жана спорттук чеберчилигин көрсөтүштү.

Кыргызстандын спорттук бирикмесинин тарбиялануучулары эл аралык аренада жакшы натыйжаларды көрсөтүп, төмөнкү жыйынтыктарды алышты:
– Арваза Ахмади 75 кг салмак категориясында 1-орунду ээледи;
– Булавкин Данил 60 кг салмак категориясында 3-орунду алды.

Бул жеңиштер Кыргызстандын спортунун өнүгүшүнө чоң салым кошуп, жаш спортчулардын эл аралык деңгээлде атаандашууга даяр экенин көрсөттү. Спорттук ийгиликтер өлкөнүн намысын коргоп, жаштар арасында спортту популярдаштырууга түрткү берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген