Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кочкор районунда үч кабаттуу оорукананын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык кызматтар министрлиги маалымдады. Оорукананын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен финансыланууда.
Жалпы пландын негизинде, медициналык мекеменин аянты 6661 чарчы метрди түзөт. Оорукананын ичинде 40ка жакын палаталар, дарыгерлердин кабинеттер, төрөт бөлүмү, операция блогу, биохимиялык лаборатория, реанимация бөлүмү, стерилизация бөлмөсү, конференц-зал жана ашкана камтылган. Ошондой эле, имарат лифт менен жабдылат. Учурда курулуш иштери жигердүү жүрүп жатат.
Мындай медициналык мекемелердин курулушу, аймактагы саламаттык сактоо системасын жакшыртууга жана жергиликтүү калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө чоң салым кошот. Ооруканалардын санынын көбөйүшү, дарыгерлердин жетишсиздигин жоюп, адамдардын ден соолугун сактоого жардам берет.