Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат жана 40 км электр тармактары жаңыланат

Бишкекте электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда. Энергетика министрлиги билдиргендей, Бишкектин энергетикалык системасын өнүктүрүү программасынын алкагында 2026-жылы бир катар маанилүү иштер аткарылат.

Алардын ичинде 38 жаңы трансформаторду орнотуу, 31 эски трансформатордук подстанциянын шкафтарын заманбап шкафтарга алмаштыруу, 278 темир-бетон опорду орнотуу жана 40 700 км төмөн вольттуу электр тармактарын реконструкциялоо пландалууда.

Жаңы темир-бетон опорлорду орнотуу иштери электр тармактарынын төмөнкү райондорунда жүргүзүлөт: Чыгыш РЭС — 50 опор, Батыш РЭС — 103 опор, Түндүк РЭС — 125 опор. Трансформаторлорду жаңылоо боюнча пландар да бар: Чыгыш РЭСте 113 трансформатор оңдолуп, 25 жаңысы орнотулат; Батыш РЭСте 100 трансформатор оңдолуп, 3 жаңысы орнотулат; Түндүк РЭСте 85 трансформатор оңдолуп, 10 жаңысы орнотулат.

Бишкек электр тармактарынын балансында учурда 2248 трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөнөн жана керектүү оңдоп-түзөө иштеринен өтөт. Ошондой эле, РЭСтин балансындагы подстанцияларда учурдагы жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшү уланууда.

Жогорку вольттуу линиялардагы иштер боюнча, пландалган 429,1 км учурда 104,11 км оңдолду; капиталдык оңдоп-түзөө боюнча 125,37 км пландалган болсо, 42,34 км аткарылды; дефекттүү жана фарфор изоляторлорун алмаштыруу боюнча 3163 данадан 799 данасы алмаштырылды.

Бардык пландалган курулуш-монтаждык жана оңдоп-түзөө иштери 2026-жылдын ноябрь айына чейин аякталат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген