Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош шаарында жаш теннисисттер үчүн эл аралык турнир өтүүдө. Бул иш-чара 4-майдан 8-майга чейин уланат жана ага Кыргызстан, Казакстан, Гонконг, Индия жана Өзбекстандан 60тан ашык спортчу катышууда. Жаш теннисчилер одиночный жана парный разряддарда жеңиш үчүн күч сынашууда.
Турнирдин негизги максаты – балдар жана жаштар теннисинин өнүгүшүнө көмөктөшүү. Мындай мелдештерге катышуу оюнчуларга профессионалдык деңгээлде өсүүгө жана оюн тажрыйбасын топтоого жардам берет. Бул турнир жыл сайын өткөрүлүп турат, ошондой эле сентябрда республика боюнча жаштар чемпионатын өткөрүү пландалууда.
Федерациядан билдиришкендей, кийинки жумада Иссык-Көлдүн жээгинде ITF жана ATF уюмдарынын колдоосу менен эл аралык турнирлердин чоң сериясы башталат. Бул мелдештер жаш теннисисттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын өнүгүүсүнө чоң салым кошот.