Кыргызстан менен Черногория туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүдө

Кыргызстан менен Черногориянын ортосундагы бизнес кызматташтык бекемделүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы маалымдады. Подгорица шаарында өткөн жумушчу сапар учурунда Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Черногориядагы ардактуу консуласы Бекназар Асанов мамлекеттик структуралардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушуулар өткөрүштү.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Черногориянын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Павле Радованович менен кызматташтык меморандуму түзүлдү. Эки тарап бизнес чөйрөсүндө, айрыкча туризм тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты. Мындан тышкары, кыргызстандык адистер үчүн стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Темир Сариев Черногориянын Туризм министрлиги менен болгон жолугушуусунда, кыргыз тараптын БУУнун демилгеси менен өтүүчү эл аралык туристтик форумга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Бул форум быйылкы жылдын октябрь айында өтмөкчү. Ошондой эле, Экономика министрлигинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана кыргызстандык компанияларды европалык базарларга чыгуу механизмдери боюнча маселелер каралды.

Черногориянын Евробиримдикке кандидат статусу жана экономикасынын динамикалык өсүшү Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ өнөктөш болуп саналат. Туризм тармагы, бул өлкөнүн ИДПсынын 30% дан ашыгын түзгөндүктөн, өзгөчө кызыгууну жаратат.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген