Бишкекте «Жеңиштин ырлары» автожүрүшү өттү

Бишкекте 7-майда «Республиканский совет ветеранов войны, вооруженных сил, правоохранительных органов и тружеников тыла» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү «Жеңиштин ырлары» деген ураан менен автопробег өткөрдү. Бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун 81 жылдыгына арналган.

КРнын Коргоо министрлиги билдиргендей, автопробегдин башталышында, Башкы штабдын начальниги, Коргоо министринин биринчи орун басары Тариэль Отонбаев согуш жылдарындагы элдин эрдигин эстеп сактоонун маанилүүлүгүн, муундардын улантылышын жана жаштарды патриоттук рухта тарбиялоону баса белгиледи.

Автоколонна Бишкек – Байтик – «Ата-Бейит» мемориалдык комплекси – Арашан айылы – 73809 аскер бөлүгү (Ала-Тоо полигону) – Беш-Кунгей айылы – Бишкек маршруту боюнча жүрдү.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар «Жеңиш» мемориалына гүл коюп, курман болгондордун элесин бир мүнөт үнсүз карманып, согуш жылдарындагы эрдикти, биримдикти жана каармандыкты символдоштурган ырларды ырдашты. Автопробегди өткөрүү үчүн Коргоо министрлиги транспорт каражаттарын бөлүп, колоннаны коштоп, иш-чараларды уюштуруу боюнча координацияны камсыз кылды.

Мындай иш-чаралар элдин тарыхын, муундардын улантылышын жана патриоттук сезимдерди бекемдөөгө чоң салым кошот. Жаштардын согуштун тарыхын билүүсү жана ага болгон урмат-сыйы, өлкөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген