Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук жана конфликттерди алдын алуу боюнча чаралар күчөтүлүүдө. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул багыттагы профилактика үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн укуктарын коргоого жана конфликттердин күчөшүн алдын алууга багытталган.
Эң биринчи кезекте, коомдо зомбулуктун бардык формаларына – физикалык, психологиялык, экономикалык – чыдамсыздыкты калыптандыруу маанилүү. Конфликттерди диалог, урматтоо жана өз ара түшүнүү аркылуу чечүү керек. Граждандарды үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн юридикалык жоопкерчилик жөнүндө маалымдоо, ошондой эле жардам алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү өзгөчө маанилүү. Бул жардамды укук коргоо органдарынан, кризистик борборлордон жана социалдык кызматтардан алууга болот.
Убактысында жардамга кайрылуу конфликттин күчөшүн алдын алууга жана коопсуздукту сактоого жардам берет. Проблеманы жашырбай, жалгыз калбоо маанилүү. Ошондой эле, тобокел тобундагы үй-бүлөлөр менен иш алып баруу, профилактикалык сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү да маанилүү багыттардын бири болуп саналат.
Ички иштер министрлиги зомбулук мыйзам бузуу экенин жана ага жоопкерчилик каралганын эскертет. Коопсуз үй-бүлө – туруктуу жана бакубат коомдун негизги шарттарынын бири.