Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткенде селдин кесепетинен жабыркаган электр тармактарын калыбына келтирүү иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, 2-майда катуу жааган жамгырдан улам Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдык аймактарында сел жүргөн. Селдин натыйжасында айрым турак үйлөр жана жер участкалары суу астында калды.
Самаркандек айылынан 35/10 кВ «Самаркандек» подстанциясынан чыккан аба линиясынын үч опорасы селдин таасиринен кулап, электр энергиясынын берүүүндө үзгүлтүккө учураган. Ошондуктан, райондун айрым бөлүктөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлгөн.
Баткен электр тармактарынын филиалы авариялык калыбына келтирүү иштерин тез арада уюштуруп, күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Техникалык адистер түн бою иштешип, Самаркандек айылдык аймагында электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди.
Учурда Ак-Сай айылында 10 кызматкер жана 2 техника иштеп, кулаган опораларды алмаштыруу, бузулган зымдарды жаңылоо жана электр тармактарын толук калыбына келтирүү боюнча иштерди улантууда.