Жогорку Кеңештин спикери Узгенде спорттук турнирдын ачылышына катышып, социалдык объектилер менен таанышып чыкты

Бишкек. Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев 1-майда Ош облусунда иш сапарында болду. Парламенттин маалымат кызматы билдиргендей, ал Узген шаарындагы борбордук спорт комплексинде өтүп жаткан салттуу спорттук мелдештин ачылышына катышты. Өткөн жылы Узген шаарындагы борбордук стадион капиталдык оңдоодон өтүп, белгилүү коомдук ишмер Зулпукар Ормоновдун ысымы берилген. Депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен бул спорттук комплекс 20 жылдан ашык убакыттан бери мелдештерди өткөрүп келет.

Бул жылы мелдешке Узген районунун 13 айылдык аймагынан командалар катышууда. Уюштурулган спорттук оюндарда футбол, волейбол, шахмат, армрестлинг, аркан тартыш, ордо жана бильярд сыяктуу түрлөр боюнча атаандашуу жүрүүдө. Ошондой эле, иш-чара акындардын жана эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа менен коштолууда.

Спикер Маматалиев майрам менен элди куттуктап, күчтүү мамлекеттин негизин эмгекчил жана адал жарандар түзөрүн белгиледи. “Биринчи май – бул жөн гана Эмгек күнү эмес. Бул көпчүлүк үчүн жылуу эскерүүлөрдүн, үй-бүлөлүк тарыхтардын, ата-энелерге жана улууларга болгон урматтын, адал эмгеги менен бизге үлгү болгон адамдарга ыраазычылык билдирүүнүн күнү”, – деди ал.

Маматалиев өз сөзүндө акыркы беш жылдагы ири реформаларды, экономикалык өсүүнү жана маанилүү жетишкендиктерди, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аракеттери аркылуу мүмкүн болгонун белгиледи. Иш сапарынын алкагында ал Узген районунун Баш-Добон айыл өкмөтүндөгү И. Базаркулов атындагы 275 орундуу мектептин курулушу менен таанышып, Кызыл-Дыйкан айылындагы Ж. Абдурасулов атындагы орто мектептин абалын текшерди. Ошондой эле, 120 орундуу бала бакчанын долбоору менен таанышып, көтөрүлгөн маселелерди көзөмөлгө алууну убада кылды.

Жогорку Кенештин маалыматына ылайык, Маматалиевди иш сапарында депутаттар Улугбек Ормонов, Суйунбек Омурзаков, Гулнара Баатырова, Данияр Толонов, Жылдыз Эгенбердиева жана Азамжан Джалилов коштоп жүрүштү. Ошондой эле, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иш-чарага катышты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген