Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Бишкек. Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев 1-май – Эмгек күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Куттуктоодо айтылгандай, эмгек – адамзаттын тарыхында коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттин калыптанышына жана гүлдөшүнө алып келген негизги күч. Эмгек ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосунун негизи, мамлекеттин бекем фундаментин түзөт жана ар бир элдин келечегинин кепили болуп саналат. Ар бир жетишкендик, ар бир ийгилик – бул өзүн арнаган адамдардын тынымсыз эмгегинин натыйжасы.
1-май – эмгекти урматтоого арналган, көктөмдүн жылуулугун, жаңыланууну жана табияттын жандануусун алып келген өзгөчө күн. XIX кылымда айтылган “Дүйнөнүн эгемендүүлүгү эмгекте” деген акылмандык бүгүнкү күндө да актуалдуу. Бул сөздөрдү бир нече өлкөлөрдүн тажрыйбасы тастыктап турат, алар эмгек жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен эл аралык деңгээлде жогорку авторитетке, экономикалык күчкө жана саясий таасирге ээ болушкан.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы эмгектенүү, тынымсыз иштөө аркылуу туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү кадамдар жасап жатат. Мамлекеттин бардык аймактарында жаңы жолдор, көп кабаттуу үйлөр, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана башка социалдык объектилер курулууда. Ауыл чарбасын, өнөр жайды, курулушту, сооданы, кызмат көрсөтүү, туризм, транспорт жана байланыш тармактарын өнүктүрүү менен бирге, жаңы доордун талаптарына жооп берген креативдүү экономика, жашыл экономика жана IT-индустриясы да өсүүдө.
Эмгекчилердин укуктарын коргоо, жакшы эмгек шарттарын түзүү, жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык кепилдиктерди камсыздоо бүгүнкү күндө мурдагыдан кыйла эффективдүү ишке ашырылууда. Соңку жылдары эмгек акы, пенсия жана жөлөк пулдар акылга сыярлык социалдык-экономикалык саясаттын натыйжасында кыйла жогорулады.
Ар бир жаран заманбап илим, техника жана технологияларды өздөштүрүү, жогорку интеллект, тынымсыз максатка умтулуу жана XXI кылымдын адистерине мүнөздүү активдүү жашоо позициясын көрсөтүү милдети турат.
Урматтуу мекендештер! Бул майрам ар бириңизге жакшы маанай, жаңы жетишкендиктер үчүн күч берсин. Эмгегиңиздер жыргалчылык менен сыйлансын, ар бир үйдө тынчтык, бакубаттык жана ынтымак болсун. Жаздын жарык күнү жүрөгүңүздөрдү жылуулукка толтуруп, эртеңки күнгө болгон ишенимдериңиздерди бекемдесин. Жаз жана эмгек майрамыңыздар менен! 1-май менен!