Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткен облусунун Кадамжай, Лейлек жана Баткен райондорунда өткөн жамгырлардан улам тоолуу айылдарда сел жүрдү. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, селдин кесепетинен адамдар арасында жапа чеккендер жана мал-жандыктарга, турак жайларга, социалдык объектилерге зыян келген жок.
Ош – Баткен – Раззаков автожолунун айрым бөлүктөрүндө жана ички жолдордо селдин кесепетинен унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Бирок, түн ичинде жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда облус боюнча бардык жолдордо унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди.
Ошондой эле, электр энергиясын калыбына келтирүү жана ирригация каналдарын тазалоо иштеринин улантылып жатканы маалымдалды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов көзөмөлдөп жатат.
Табигый кырсыктардан коргонуу жана алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ар дайым даярдык көрүлүп, элге маалымат берүү иштери жүргүзүлүп турат. Мындай кырсыктарга даяр болуу, элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маанилүү.