Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Талас облусунда “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясынын алкагында 100 гектар жерге 88 миң көчөт отургузуу иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.
“Жашыл Мурас” кампаниясы президент тарабынан 2022-жылы башталган. Анын алкагында жыл сайын миллиондогон көчөттөр отургузулат. 2026-жылга чейин отургузулган дарактардын санын 9 миллионго жеткирүү пландалууда.
Бүгүнкү күндө Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой жайлоосунда 88 миң көчөт отургузуу иштери башталды. Бул демилге табиятты коргоо, жашыл аймактарды кеңейтүү жана келечек муундар үчүн экологиялык таза мурас сактоо максатын көздөйт.
“Бүгүн бардык облустук мекемелердин кызматкерлери, волонтерлор, экологдор жана активдүү жарандар Талды-Булак айылындагы Чоң-Кошой жайлоосуна келип, Тянь-Шань чыршыйларын отургузушту. Бул иш-чара экологияны жакшыртууга жана жашыл мурастын сакталуусуна салым кошуу максатын көздөйт. “Жашыл Мурас” кампаниясына 500 волонтер катышып, өлкөбүздүн бир бөлүгүн жашылдандыруу үчүн чоң аракеттерди жасашты. Бул демилгени колдогон ар бир мекендешке чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз”, – деди Эрмат Джумаев.
Мындай иш-чаралар экологиялык аң-сезимди жогорулатууга, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана келечек муундар үчүн таза жана кооз табиятты сактоого жардам берет. Жашыл мурас – бул биздин келечегибиз, ошондуктан ар бирибиз бул иш-аракеттерге катышып, табиятты коргоого салым кошсок, өлкөбүздүн экологиясын жакшыртууга чоң мүмкүнчүлүк түзөбүз.