Того делегациясынын башчысы Кыргызстандын мамлекеттик символдорун жана документтерин чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалады

Бишкек шаарында Кыргызстандын президентинин администрациясынын башкармалыгына караштуу «Учкун» акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Того мамлекетинин Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе жана Кыргызстандын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев келип кетишти.

Делегация монеталык сарайды, улуттук валютанын чыгарылышы жүргүзүлүп жаткан жерди, ошондой эле басма продукциясын даярдоочу цехтерди көрдү. Алар акциздик маркаларды, мамлекеттик маанидеги документтерди, атайын мамлекеттик бланктарды жана мамлекеттик номердик белгилерди даярдоо процессин да байкашты. Ошондой эле, отундун сапатын текшерүү жана белгилөө үчүн жабдуулар көрсөтүлдү.

Фор Эссозимна Гнассингбе өндүрүштүн уюштурулушу жана чыгарылган продукциянын жогорку сапаты боюнча ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстанда салыштырмалуу кыска убакыттын ичинде эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап өндүрүштү түзүүгө жетишилгенин белгиледи. «Учкун» акционердик коомунда ишке ашырылган чечимдер өлкөнүн мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча жогорку потенциалын көрсөтөт, – деди ал.

Ошондой эле, Того мамлекетинин Министрлер кеңешинин төрагасы «Учкун» менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, тоголездик тараптын паспортторду жана улуттук валютаны даярдоо үчүн заказ берүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экенин билдирди. Учурда мамлекеттик номердик белгилер, айдоочулук күбөлүктөр, жалпы жарандык паспорттор, ID-карталар, окуу китептери, дипломдор жана башка мамлекеттик маанидеги басма продукция толугу менен «Учкун» акционердик коомунун өндүрүштүк базасында даярдалууда.

Мындай ишмердүүлүк өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик документтердин сапатын жогорулатууга чоң салым кошууда.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген