Того өкмөт башчысы Кыргызстандын бажынын кырдаалдык борборуна кызыгып жатат

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын кырдаалдык борборунун иши Тоголез Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе жана анын делегациясынын мүчөлөрүнүн көңүлүн өзүнө тартты. Бул маалымат расмий визит учурунда белгилүү болду.

Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү тоголездик жетекчиге кырдаалдык борбордун ишин тааныштырды. Бул борбор онлайн режиминде өткөрүү пункттарындагы бардык процесстерди көзөмөлдөп, агымдарды анализдеп, башкаруучу чечимдерди оперативдүү кабыл алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Кыргызстандагы бажы системасын реформалоо боюнча жүргүзүлгөн иштер, процедураларды жөнөкөйлөтүү, ачыктыкты жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча маалымат берилди.

Цифрлаштыруу жаатындагы жетишкендиктерге да өзгөчө көңүл бурулду. Делегацияга негизги процесстерди автоматташтыруучу заманбап маалыматтык системалар, “Бирдиктүү терезе” механизмин өнүктүрүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча көрсөтмөлөр берилди.

Цифрлаштыруу аркылуу бажы процесстеринин натыйжалуулугу 2020-жылга салыштырмалуу 2025-жылы автотранспорттун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 554% га, бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 654% га өскөндүгү белгиленди. Бул реформалардын жогорку натыйжалуулугун ачык көрсөтүп турат.

Тоголездик тарап Кыргызстандын бажы кызматынын санариптик трансформациясынын жыйынтыктарын жогору баалап, Тоголез Республикасында ушундай чечимдерди киргизүү үчүн кыргыз тажрыйбасын изилдөөгө кызыгуусун билдирди.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген