Ошто жаштар фестивалы «Ала-Тоо жазы – 2026» башталды

Ош шаарында бүгүн «Ала-Тоо жазы» жаштар фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул фестиваль өлкөнүн бардык бурчтарынан келген жаш таланттарды бириктирип, алардын чыгармачылыгын колдоо жана өнүктүрүү максатын көздөйт.

Фестивал Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп, быйылкы жылы Кыргызстандагы 15 жогорку окуу жайынан студенттер катышууда. Конкурска катышуучулар вокал, автордук ыр, фольклор, аспаптык аткаруу жана хореография сыяктуу номинациялар боюнча 100дөн ашык номерди сунушташат.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков фестивалдын жаштар үчүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдөгү маанисин белгилеп, жеңүүчүлөргө Дүйнөлүк кочевниктер оюндарына катышуу үчүн тандоо туруна жолдомо берилерин маалымдады. Ошондой эле, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган Ош мамлекеттик университетине ыраазычылык билдирилди.

Фестивалдын финалдык туру 30-апрелде Ош улуттук драма театрында өтөт. Бул иш-чара жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана алардын таланттарын элге таанытууга чоң мүмкүнчүлүк берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген