Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Ош шаарында бүгүн жаңы жумушка орноштуруу борборунун (ЖОБ) кеңсеси ачылды. Бул борбор Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу болуп, мигранттар үчүн алдын ала багыт берүү жана реинтеграция борбору менен бирге иш алып барат.
Бул демилге Эл аралык миграция уюму тарабынан “Эмгек миграциясы – Борбордук Азия” долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Долбоор Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин колдоосу менен жүзөгө ашырылууда.
Ош шаарындагы ЖОБ төмөнкү кызматтарды сунуштайт: чет өлкөдө легалдуу жана коопсуз жумушка орношуу боюнча маалымат берүү; алдын ала багыт берүү жана окутуу; эмгекчилердин укуктары жана келишимдердин шарттары боюнча кеңеш берүү; эмгек эксплуатациясы жана адамдарды соодалоо боюнча тобокелдиктер тууралуу маалымат берүү; жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн издөөдө жардам берүү; жумуш берүүчүлөр менен онлайн-собеседование өткөрүү мүмкүнчүлүгү.
Жаңы борбор миграциянын бардык этаптарында, чыгууга даярдык көрүүдөн баштап, кайтып келгенден кийинки реинтеграцияга чейин, жарандарга комплексдүү колдоо көрсөтүүчү негизги жай болуп калат.