Кыргыз радиосунун тарыхы. КНУда НТРКнын тарыхы тууралуу китеп сунушталды

Бишкекте Кыргыз улуттук университетинин Жусуп Баласагын атындагы Журналистика жана коммуникация институтунда Чынар Капарованын «Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы (1926-2026)» аттуу китебинин салтанаттуу тааныштыруусу болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз радиосунун 95 жылдыгына жана институттун 70 жылдыгына арналган.

Иш-чарага медиа тармагындагы өкүлдөр, белгилүү журналисттер, илимпоздор, НТРКнын кызматкерлери жана ардактуу коноктор катышты. Алар кыргыз журналистикасынын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, жаңы басылманын тарыхый маанисин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев журналистиканы «коомдун эс тутуму» катары баалап, бул эмгектин келечектеги муундар үчүн ишенимдүү маалымат булагы болооруна ишенерин билдирди.

Китепте Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын тарыхы кеңири баяндалган. Анда радио жана телевидениенин калыптанышындагы процесс жана өнүгүү этаптары, совет доорунан баштап көз карандысыздыкка чейин, ошондой эле корпорациянын мамлекеттик жана коомдук статусу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар камтылган.

Автор китепти даярдоодо архивдик материалдарга, жеке практикалык тажрыйбага жана жыйналган аудио-видео булактарга таянган. Ошондой эле, китепте заманбап санариптик технологиялар шартындагы телевидениенин өнүгүү тенденциялары жана корпорациянын учурдагы абалы тууралуу талдоолор берилген.

Мындай басылмалар кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, келечек муундар үчүн маанилүү маалымат булагы болуп калары шексиз.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген