Касымалиев «Oppenheimer Europe» жетекчилиги менен Кыргызстанды глобалдык базарларга чыгуу маселесин талкуулады

Бишкекте өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев инвестициялык банк «Oppenheimer Europe» компаниясынын капитал рыногу боюнча жетекчиси Константин Деркачев менен жолугушту. Жолугушууда тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө ниеттенгенин билдиришти.

Кеңешмеде өткөн жумада «Элдик Банк» акционердик коомунун 500 миллион долларлык еврооблигацияларынын ийгиликтүү жайгаштырылышы талкууланды. Бул окуя Кыргызстан үчүн эл аралык рынокко чыгуу боюнча тарыхый кадам болуп, дүйнөлүк инвесторлор үчүн күчтүү сигнал катары бааланды. Касымалиев республиканын суверендик кредиттик рейтингин жогорулатуу боюнча системалуу иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал учурдагы экономикалык өсүү темптери, структуралык жана институттук реформалар, ошондой эле макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөө Кыргызстанды дүйнөлүк рейтингдерде жакшыртуу үчүн бекем негиз түзүп жатканын айтты. Ошондой эле, ал эл аралык рейтингдик агенттиктер жана финансылык институттар менен активдүү кызматташуу стратегиясын түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар өлкөнүн компанияларын эл аралык капитал рынокторуна чыгаруу жана инвестицияларды тартуу механизмдерин жакшыртуу боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти. Натыйжада, Oppenheimer Europe инвестициялык банкы өкмөттүн эксклюзивдүү кеңешчиси катары тартуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул документ Кыргызстандын эл аралык финансылык уюмдар жана банктар менен кызматташтыгын бекемдөө, негизги институционалдык инвесторлор менен туруктуу өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча иштерди активдештирүү үчүн институционалдык негизди түзөт.

Ошондой эле, инвестициялык форумдарды жана роуд-шоуларды өткөрүү боюнча пландарга өзгөчө көңүл бурулду. Бул иш-чаралар өлкөнүн инвестициялык тартымдылыгын жогорулатууга жана улуттук долбоорлорду глобалдык деңгээлде илгерилетүүгө багытталган.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген