Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү жана бюрократияны жоюу максатында ири реформа уланууда. Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, бизнес үчүн талап кылынган уруксат документтеринин саны дээрлик эки эсе кыскарды: мурдагы 900 документтен 439 гана калды. Бул маанилүү өзгөртүү президент Садыр Жапаровдун тиешелүү жарлыгынын негизинде ишке ашырылды. Бизнестин өкүлдөрү административдик жүктөмдүн азайышы инвесторлорду тартуу үчүн өтө маанилүү экенин белгилешет. Ошол эле учурда өкмөт инвестицияларды активдүү тартуунун зарылдыгын белгилеп, экономикалык өсүүнүн темпин 9-10% деңгээлинде сактоо үчүн аракеттерди көрүүдө.
Бизнес коомчулугу он жылдар бою бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу зарылдыгын айтып келет. Артыкча административдик талаптар өлкөнүн инвестициялык тартымдылыгына терс таасирин тийгизип келген. Соңку беш жылда коомчулук инвестициялык долбоорлордун экономикага тийгизген таасирин жакшы түшүнүп калды. Президент жана өкмөт башчы өздөрүнүн сапарларынын алкагында чет элдик инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча дайыма билдирүү жасап келишет. Практикада мамлекет ар кандай ишмердүүлүк үчүн салык жеңилдиктерин берип, негизсиз текшерүүлөргө тыюу салды.
Соңку жылдардагы реформалардын натыйжасында уруксат документтеринин саны кескин кыскарды. 2025-жылы түзүлгөн аралык комиссия бардык процедураларды инвентаризациялоону жүргүздү. 900 лицензия, уруксат, күбөлүк, сертификат, аккредитация жана экспертиза анализге алынды. Текшерүү көрсөткөндөй, көпчүлүк талаптар эскирген: 214 документ (23,64%) көйгөйлүү же эскирген деп таанылып, жокко чыгаруу сунушталды; 58 документ (6,41%) башка мамлекеттик органдардын компетенциясына өткөрүлүшү сунушталды; 87 документ (9,61%) уруксат категориясына кирбейт деп таанылды; 36 документ (3,98%) мурда берилген же күчүн жоготкон.
Ошондой эле 16 документ боюнча жөнөкөйлөтүү же жокко чыгаруу боюнча сунуштар келип түштү. Натижада 900 уруксат түрүнөн 439 гана калды. Президент Садыр Жапаров бул документти 2026-жылдын 16-апрелинде кол койду. Бул документ уруксат берүү тармагын системалуу трансформациялоого, бюрократияны жоюуга жана мамлекеттин жарандар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүсүн жеңилдетүүгө багытталган. Эми мамлекеттик органдар ишкерлерден кошумча маалымкаттарды талап кылууга укугу жок.
Экономика министрлигинен «Кабар» агенттигине билдиришкендей, уруксат документтерин жөнгө салуу боюнча атайын режим 2027-жылдын 31-мартына чейин күчүндө болот. «Бул режимдин алкагында 439 документтин толук тизмеси бекитилди. Тизме кирбеген документтерди мамлекеттик органдар талап кыла алышпайт. Ошондой эле 199 документти оптимизациялоо боюнча тизмеси бекитилди. Алар боюнча берүү мөөнөттөрүн кыскартуу, процедураларды жөнөкөйлөтүү, документтердин пакетин азайтуу жана процессерди этап-этабы менен санариптештирүү каралган», – деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматы.
Жыл ичинде мамлекеттик органдар калган лицензиялардын жана уруксаттардын зарылдыгын далилдөөгө тийиш. Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу белгилегендей, документтин зарылдыгы далилденбесе, ал жокко чыгарылышы керек. «Бул өтө маанилүү реформа. Мамлекет өзү өзгөртүүлөрдү баштап, жооптуу ведомствону аныктап койгону маанилүү. Бирок мыйзамдар гана эмес, алардын аткарылышы жана туруктуулугу да маанилүү. Бизнестин үчүн тактык абдан маанилүү. Мамлекеттик орган документтин зарылдыгын өзү далилдеши керек деген идея абдан туура. Бирок реформа Бишкектен тышкары да жайылтылышы керек, болбосо ал жергиликтүү деңгээлде “эскиче” иштөө менен маанисин жоготот», – деди Аззамбек Жээнбай уулу.
Бизнестин өкүлү бул чаралардын капитал тартууда маанилүү экенин, эгер эрежелер ачык жана туруктуу болсо, инвесторлор ойлонбостон келишерин белгиледи. Ошондой эле, өкмөт башчы Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 23-апрелинде онлайн жыйындын жүрүшүндө региондорду өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча маселелерди көтөргөн. Ал инвестициялар ВВПнын өсүшүнүн 9-10% деңгээлинде болушунун кепили экенин баса белгиледи. Президенттин атайын өкүлү Бакыт Торобаев өкмөт инвестициялык долбоорлордун 200 чоң портфелин түзүүнү пландап жатканын кошумчалады.