Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Баткен облусунда жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов «Чет-Булак» жашоо массивинде 1224 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу менен таанышып чыкты. Бул долбоор Россиянын каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Учурда курулуш аянтчасында фундаменттин казылышы жана бетонду куюу иштери аяктады. Ошол эле учурда Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы инженердик коммуникацияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Облустун жетекчиси бул объекттин аймак үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, курулуш процессине бардык тараптан колдоо көрсөтүүнү тапшырды.
Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин, анда билим берүү процессин жергиликтүү мугалимдер менен Россиядан келген адистер жүргүзөт. Ошондой эле, мектепти аяктаган окуучулар Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик үлгүсүндөгү аттестаттарды алышат.
Баткенде акыркы жылдары орус тилинде билим алууга болгон талап күчөп, окуу жайларында орун жетишсиз болуп калды. Жаңы мектептин курулушу бул муктаждыкты толук канааттандыруу максатын көздөйт.