Ош шаарында чоң мектеп курулууда – имараттын эскиздери

Ошу шаарында Салиджан Жигитов атындагы 1200 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул долбоор Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Курулуш иштеринин каржылануы мамлекеттик бюджеттен жүргүзүлүүдө жана учурда активдүү темпте улантылууда.

Мектептин долбоору беш блоктон жана төрт кабаттан турат, жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек кабинеттери, медициналык кабинет, компьютер классы, актовый жана спорт залдары камтылган.

Мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол үчүн спорт аянтчалары да курулат. Ошондой эле, мектептин аймагын көрктөндүрүү иштерине да көңүл бурулат.

Учурдагы мектеп 1964-жылы курулган жана абалы начарлап кеткен. Азыркы учурда анда 2000ден ашык окуучу билим алууда, бул болсо окуу орундарында жетишсиздикти жаратууда.

Мектептин курулушу башталган жердеги капсула салуу аземине президент Садыр Жапаров катышты. Бул мектептин курулушу билим берүү системасын жакшыртууга жана окуучулардын шарттарын оңдоого чоң салым кошот.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген