НБКР эсептик ставканы 12% деңгээлинде сактап калды

Бишкек шаарында 27-апрелде Улуттук банктын башкармалыгы эсептик пайыздык ставканы 12% деңгээлде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу НБКРдин орун басары Азат Козубеков маалымат берди.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын экономикасына, айрыкча инфляцияга, сырттан чоң басым көрсөтүлүүдө. Соңку эки айда дүйнөлүк экономикада маанилүү өзгөрүүлөр болуп өттү. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу менен дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат базарларынын баалары кескин жогорулады. Энергетикалык ресурстарга болгон дүйнөлүк баалар дагы басымдын негизги факторы болуп саналат. Алардын өзгөрүүлөрү азык-түлүктүн өндүрүшү жана ташуу бааларына түздөн-түз таасир этет. Ошондой эле, дүйнөлүк базарлардын катышуучулары жеткирүүдөгы үзгүлтүктөр, логистикалык чектөөлөр жана белгисиздиктин өсүшүнө жооп кайтарышууда. Натыйжада, дүйнөлүк даны, өсүмдүк майлары жана Кыргыз Республикасы көбүнчө импорттой турган айрым азык-түлүктөрдүн баалары жогорулап жатат.

Козубеков Кыргыз Республикасында экономика ачык моделде иштеп жатканын, товар агымдарынын эч кандай чектөөсүз жүрүп жатканын эске алып, глобалдык экономикадагы жана жеткирүү чынжырларындагы өзгөрүүлөр өлкөдөгү бааларга да таасир этерин айтты.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген