Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кытай тарапынан «Эмгек күнү» майрамына байланыштуу Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарында убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.
30-апрелден баштап, «Иркештам – автожол» өткөрмө пункту саат 22:00дөн (Бишкек убактысы боюнча) баштап адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсүн токтотот. Ал эми «Торугарт – автожол» өткөрмө пункту саат 20:00дөн баштап токтоп калат. Бул пункттар 2-майдан баштап, саат 08:00дө кайрадан ишин улантат.
«Бедель – автожол» өткөрмө пункту 1-5-май аралыгында толугу менен жабык болот. Ал 6-майдан баштап, саат 08:00дө кайрадан иштей баштайт. Ушул убакыт аралыгында чек ара кызматкерлери адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсүн камсыздабайт.
Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарды жана тышкы экономикалык ишмердик менен алектенгендерди мамлекеттик чек араны кесип өтүүнү пландаштырганда бул маалыматты эске алууга чакырат.