Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Maalymat.kg сайтында жарыяланган материалдар жеке колдонуу үчүн гана арналган.
© 2024 - Иштеп чыккан Aura
Кыргызстандагы сертификация органдарынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын аккредитация борборунун сертификация органдары боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Санжар Мусаев билдирди. Ал белгилегендей, экспортчулардын көпчүлүгү жаңы жөнгө салуулар тууралуу убагында маалымдалган эмес. Токтотулган органдар тууралуу актуалдуу маалымат Кыргызстандын аккредитация борборунун расмий сайтында жайгаштырылат жана “Кыргыз Экспорт” платформалары аркылуу дагы таратыла турганы айтылды.
Сертификаттардын убактылуу токтотулушунун негизги себептери Россиянын мыйзамдарына, айрыкча №87 токтомуна байланыштуу. Мусаевдин маалыматы боюнча, негизги бузулуулар төмөнкүлөрдү камтыйт:
– Чек арадан өткөндө сынак протоколдорунун жоктугу;
– Продукциянын легалдуулугун тастыктаган декларациялардын жоктугу;
– Сынактарды өткөргөндүгүн тастыктаган документтердин жоктугу;
– Продукциянын фактический көрсөткүчтөрүнүн сынак протоколдорунда көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбеши, бул Россиянын бажы органдары тарабынан экспертиза учурунда аныкталат.
Мусаев, ишкерлерге расмий аккредитацияланган сертификация органдарына гана кайрылууну сунуштады. Орто адамдар аркылуу иш жүргүзүү, жараксыз же жасалма сертификаттарды алуу, расмий базаларда катталбаган документтерди алуу жана кийинчерээк документтердин жокко чыгарылышы менен репутациялык жоготууларды жаратат.
Мындан тышкары, Федералдык аккредитация кызматы документтерди каттоо системасын жаңыртты. Жаңыланган система сертификаттоо үчүн толук документтер пакетин, анын ичинде сертификаттоо арызын, арыз боюнча чечимди, өндүрүш анализинин актын, ылайыктык декларациясын, бажы декларациясын, сынак протоколун жана продукцияны тандоо жана идентификациялоо актыларын жүктөөнү талап кылат.
Мусаев белгилегендей, талаптардын күчөтүлүшү сертификациянын ачыктыгын жана тактыгын жогорулатууга багытталган. Сертификаттардын жана аккредитациянын статусу тууралуу актуалдуу маалыматтар Кыргызстандын аккредитация борборунун расмий сайтында ишкерлер жана кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү.