«Эне-Сай» жашоочулар конушунда жаңы мектептин курулушу башталды

Ош шаарындагы «Эне-Сай» жашоочулар массивинде 1000 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектеп курулууда. Курулуш иштеринин биринчи этабы, жер казуу иштерин аяктады. Мектептин имараты эки үч кабаттуу блоктон турат жана жалпы аянты 7705 чарчы метрди түзөт.

Мектеп заманбап архитектуралык стилде курулуп, билим берүү процессине керектүү бардык шарттар менен жабдылат. Окуу жайында класстар, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек кабинеттери, медициналык бөлмө, компьютер классы, акт залы жана толук жабдылган спорт залы болот.

Бул долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Мектептин курулушу жергиликтүү жашоочулар үчүн чоң мааниге ээ, анткени ал билим берүү сапатын жогорулатууга жана жаш муундарды сапаттуу билим менен камсыздоого жардам берет.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген