Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 30-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 30-апрелде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Мэриянын маалыматына ылайык, суу 09:00дөн 24:00гө чейин жашоо үйлөрүндө, мектептерде, бала бакчаларда, медициналык мекемелерде жана башка социалдык объектилерде берилбейт.

Суу токтотулуучу аймактар Ш. Баатыра проспектиси, Хивинская жана Достоевский көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан. Бул чара “Тепличный” суу алуу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн көрүлүүдө.

Ошондой эле, “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, пландалган жана авариялык суу токтотуулар тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар.

Жооп калтырыңыз

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген